Кабулдун борбордук бөлүгүнө үч ракета атылды

Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстандын баш калаасы Кабулдун борборуна кеминде үч ракета атылды. Өлкөнүн укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, мындай аракет ооган президенти Ашраф Гани Курман айтка карата сөз сүйлөрдүн алдында болгон. Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Мирваис Станикзай ракеталар президенттик сарай, бир нече өлкөнүн элчилигинин имараты жайгашып, катуу кайтарылган Кабулдагы Жашыл зонанын сыртына түшкөнүн билдирди. Андан канча киши жаракат алганы расмий кабарлана элек. Бул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө алган жок.

Окуядан бир нече мүнөттөн соң Курман айттын урматына элге кайрылуу жасаган президент Гани “Талибан” кыймылын “тынчтык үчүн мунасага келүүгө каалоосу жок” деп айыптады.

Мындай айыптоолор Ооганстанда кырдаал курчуп, талибдер өлкөнүн бир нече аймагын ээлеп алган учурда айтылууда. АКШ баш болгон коалициялык күчтөр ооган жергесинен аскерлерин чыгарып жаткан маалда “Талибан” улам бир аймакты басып алып жатат.

Өткөн жума соңунда Катардын борбору Дохада ооган өкмөтү жана талибдердин тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Дагы караңыз

Айтматовдун күмбөзү: түндүк жогору көтөрүлмөй болдуУкраина, Грузия жана Молдова ЕБге кирүүгө ынтызарлыгын билдирдиКурман айт экинчи жолу пандемия шартында белгиленди21-июлдун аба ырайыКыргызстанда 362 миңден ашык киши коронавируска каршы эмделди