Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 21-июлда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүз 32…34 градуска чейин ысыйт.
Дагы караңыз
Кыргызстанда 362 миңден ашык киши коронавируска каршы эмделди Муфтий коронавируска байланышкан эрежелерди сактоого үндөдүCOVID-19: дагы 10 адам көз жумду, вирус 1291 кишиден аныкталдыДүйшөмбү оогандык кыргыздарды артка кайтардыТИМ оогандык кыргыздарга байланыштуу комментарий берди