Кыргызстанда 362 миңден ашык киши коронавируска каршы эмделди

Дарыгер коронавируска каршы вакцинаны сайып жатат. Кыргызстан.

Кыргызстанда 20-июлга карата коронавируска каршы жалпы 362 миң 821 адам эмделди. Алардын 97 миң 599у вакцинанын эки дозасын тең, 264 миң 767си биринчи дозасын сайдырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасына жарыяланды. Ушул тапта запаста 1 миллион 157 миңден көбүрөөк дозада вакцина бар.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө быйыл 29-марттан тарта башталган. Эмдөө негизинен Sinopharm жана Sputnik-V вакциналары менен жүрүүдө. 17-июлда Европанын AstraZeneca препараты да келген. Бейтапканалардан тышкары соода борборлорунда, парктарда да атайын эмдөө түйүндөрү ачылган.

Вакцина бир адамга эки дозада сайылат, ортосу - 21 күн.

Акыйкатчы институту мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин коронавируска каршы эмдөөнү мажбурлоо же коркутуу менен жүргүзүүдөн алыс болууга чакырган. Омбудсмендин басма сөз кызматы кабарлагандай, вакцинаны милдеттүү түрдө алууга мажбурлап жатышканы тууралуу арыз-дооматтар көбөйгөн.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 151 миңден ашты. 20-июлдагы эсепке ылайык, вирустан 2 196 адам көз жумду. (BTo)

Дагы караңыз

Муфтий коронавируска байланышкан эрежелерди сактоого үндөдүӨзбекстан: кургакчылык жердин кунарын качырдыЭмдөөнүн оош-кыйышы, бурмаланган маалыматтар COVID-19: дагы 10 адам көз жумду, вирус 1291 кишиден аныкталдыДүйшөмбү оогандык кыргыздарды артка кайтарды