Курман айт экинчи жолу пандемия шартында белгиленди

Дүйнө мусулмандары 20-июлда Ислам дининдеги чоң майрамдардын бири – Курман айтты белгилешти.

Кыргызстанда айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулду. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынган. Ар бир адам дааратты үйүнөн алып, өзүнүн жайнамазын көтөрө келиши керектиги эскертилген.

Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 20-июль – дем алыш деп жарыяланган.

Эски аянттагы айт намазы. 2019-жыл, Бишкек.

Дүйнө калкынын 1,7 миллиардын мусулмандар түзөт. Ислам эрежелерине ылайык, шарты бар адам бул күнү бодо мал же кой союп, муктаждарга таратышты.

Ал эми Мекке шаарына ажылыкка аттангандардын зыяраты Курман айт күнүндөгү жөрөлгөлөр менен аягына чыгат.

Дагы караңыз Орозо айт: пандемия кесепети жана жаңжал


Бийлик башчылары элди айт майрамы менен куттукташты. Президент Садыр Жапаров майрамдык куттуктоосунда Кыргызстанда ушуну менен экинчи жолу коронавируска байланыштуу Курман айт чектөөлөр менен өтүп жатканын айтып, жарандарды вакцина алууга чакырды.

“Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалышып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат”, - деп айтылат куттуктоодо.

Бишкек: Курман айтта мал базар иштеди


Коронавирус пандемиясынан улам эки жылдан бери Сауд Арабия падышалыгы өзүнүн жарандарына гана ажылык амалдарын аткарууга уруксат берген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пандемия шартындагы курман айт