Коронавирустан улам Өзбекстанда чектөөлөр күчөтүлдү

Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстанда 20-июлдан баштап коомдук тамактануучу жайлардын ишине чектөө коюлду. Кафе-ресторан, ашкана жана чайканаларга эртең менен саат сегизден кечки саат сегизге чейин ачык асман алдында гана иштөөгө уруксат берилди. Той-маарекелерге чогулгандар 50 кишиден ашпашы керек. Республикалык атайын комиссия коронавирустун жайылышын басаңдатуу максатында ушундай чечим чыгарды.

Кошуна өлкө чектөөлөрдү 28-июндан бери кайра катаалдата баштаган. Мусулмандар башкармалыгынын Аалымдар кеңеши пандемиядан улам Курман айт намазы окулбай турганын жарыялаган. Ал чечимге ылайык, жума намаздарын жамаатташып окуганга да убактылуу тыюу салынган.

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 120 миңге жетип, алардын 800дөн ашууну көз жумду.

Дагы караңыз

Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан чогуу аскердик машыгуу өткөрөтДүйшөмбү оогандык кыргыздарды артка кайтардыТИМ оогандык кыргыздарга байланыштуу комментарий бердиАзербайжан: журналисттер тыңшалганы ашкере болду Чечилбеген чек ара, арасат абалдагы студенттер