АКШ Украинага коронавируска каршы эки миллион доза вакцина берди. Украин саламаттык сактоо министри Виктор Ляшконун маалыматы боюнча, Moderna вакциналары COVAX программасынын алкагында берилген. Вакцина жакынкы күндөрү өлкөгө алып келинип, дарыгер, мугалим жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине сайылмакчы.
Украинада коронавируска каршы эмдөө февраль айында башталган. Азыркы күнгө чейин 4 миллионго жакын адам вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми 1,4 миллион киши же калктын үч пайызга жакыны вакцинанын эки дозасын тең алышкан.
Украинада пандемия башталгандан бери 22,4 миллион кишиге коронавирус жуккан. Анын 21,8 миллиону айыкты. Ал эми оору 52,7 миң кишинин өмүрүн алган.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров туристтерди Ысык-Көлгө келип эс алууга чакырдыКолунан көөр төгүлгөн устанын эмгектери дүйнөгө тарады"Миграция эмгекчилдикке үйрөттү"Кара-Кулжада карышкыр эки кишиге тиш салдыCOVID-19: Англия бардык чектөөлөрдү алды