17-июль күнү түнкү саат 22:00 чамасында Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кашка-Суу жайлоосунда карышкыр 17 жаштагы кызга тиш салган. Бул тууралуу Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Абдилазиз уулу "Азаттыкка" билдирди.
“Түндө ач карышкыр Кашка-Суу жайлоосунда жайгашкан короого түшүп келип, майда жандыктарга тиш салган. Короодогу мал-жандыктардын ызы-чуусунан жарык менен чыккан 17 жаштагы кызды буттан тиштеген. Кыз качып, араң кутулган. Андан соң түнкү саат 12:00дөн кийин дагы келгенде ошол жердеги чабан чыгып кармаша кеткен. Ызы-чуудан кошуналар да ойгонуп келип карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн. Карышкырдын кутурган, кутурбаганын аныктоо үчүн Оштогу лабораторияга жибердик. Ал эми жаракат алган тургундар учурда райондук ооруканада дарыланып жатышат”, - деди Абдилазиз уулу.
Кара-Кулжа райондук ооруканасына жаткырылган 37 жаштагы жарандын абалы туруктуу экени кабарланды.
Расмий маалыматка ылайык, былтыр карышкырдын мал-келге зыяны 28 миллион сомду түзгөн. Кыргызстанда 2020-жылы 380ден ашык карышкыр, 20дай бөлтүрүк, эки миңге чукул чөө атылган. Мергенчилерге беш миллион сомдон ашык сый акы төлөнгөн. (MrA)
Дагы караңыз
COVID-19: Англия бардык чектөөлөрдү алдыOCCRP: азери бийлиги жүздөгөн журналист, активисттерди тымызын тыңшаганТажикстанга кире качкан оогандык кыргыздар артка кайтарылды20-июлдун аба ырайыБишкек: шаардык кеңешке алты партия өтүп, мандаттар бөлүштүрүлдү