Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендин Лейлек районунда аткезчилик менен көмүр ташып баратып кырсыктаган жүк ташуучу автоунаа тууралуу түшүндүрмө берди.
Расмий маалымат боюнча, кыргызстандык чек арачылар Лейлек районунун Кароол-Дөбө участкасында өткөрүү пунктунан тышкары кетип бараткан жүк ташуучу автоунааны көрүшкөн.
Чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу үчүн асманга эскертүү иретинде ок чыгарылган. Айдоочу алардан качып баратып машинасы оодарылып кеткен. Кармалган айдоочу менен жүргүнчү Кыргызстандын жарандары.
Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыккан. Анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны каза болгон.
Бул окуядан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек араны убактылуу жапкан. Качан ачылары жөнүндө маалымат жок. (BTo)
Дагы караңыз
Шайлоо: мэрликти мелжеген партияларТажикстанга кире качкан оогандык кыргыздар артка кайтарылдыМинистрлик Айтматовдун мүрзөсүнөн түндүк уурдалганын төгүндөдүМинистрлик тажикстандык студенттер басымга кабылды деген маалыматты четке какты Кыргызстанда 332 миңден ашуун адам коронавируска каршы вакцина алдыCOVID-19: дагы 11 адам көз жумду, вирус 1287 кишиден аныкталды