Кыргызстанга Азербайжандан вакцина келди

Коронавируска каршы Sinopharm вакцинасы. Июнь, 2021-жыл.

Азербайжандан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы гуманитардык жардам катары берилди. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, вакцина бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн колдоо болуп саналат. Азербайжан былтыр апрель айында да Кыргызстанга коронавирустан коргонуу үчүн 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражатты гумжардам катары берген.

ТИМдин маалымдашынча, бул вакцина министр Руслан Казакбаевдин Бакуга жасаган расмий сапары учурунда түзүлгөн макулдашууга ылайык алып келинди.

11-июль күнү Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калганын бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алды.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан да Sputnik-V вакцинаcын алган. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Вакцина акысыз, 18 жаштан өткөн бардык жарандар алса болот.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШ президенти эмдөөгө каршы маанай күчөгөнүнө соцтармактарды айыптадыЕвропадагы суу ташкыны 150дөн ашык адамдын өмүрүн алдыКыргызстан ооган кыргыздары үчүн "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунан жардам сурайтБээжиндин катаал саясатына көз жумган Борбор АзияРахмон Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагына бардыМамлекет “Мегакомду” жакшы баага саткысы келетДепутат Осмонов президенттин айланасындагыларга нааразы болду