АКШ президенти Жо Байден соцтармактар, анын ичинде "Фейсбук" коронавируска каршы эмдөө боюнча жалган маалыматтарды жайгаштырып, "элге зыянын тийгизип жатат" деп айыптады. Байден 16-июлда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, оору эмделбегендер арасында гана тарап жатканын айткан.
АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги вирус акыркы убактарда эмделбеген кишилер арасында көп тарап жатканын маалымдаган эле.
"Фейсбук" өз кезегинде Байдендин сөзүн жокко чыгарып, COVID-19 тууралуу жалган маалыматтарга каршы жоболор киргизилгенин, вакцина тууралуу да элге туура маалымат берилип жатканын билдирди. Компаниянын өкүлү Кевин Макалистер 2 млрд. ашуун пайдалануучу "Фейсбуктан" коронавирус жана вакцина жөнүндө так, туура маалымат алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, 3,3 млн. америкалык вакцина жөнүндө маалымат алуу үчүн "Фейсбуктун" издөө кызматын колдонгон.
"Фактылар тескерисинче "Фейсбук" өмүрлөрдү сактап калууга көмөктөшүп жатканын көрсөтүүдө", - деди Макалистер.
2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус кыска аралыкта дүйнө жүзүн каптады. 190 млн ашуун адам ооруга чалдыгып, 173,5 миңден ашуун киши сакайды. Илдет 4 млн ашык адамдын өмүрүн алды.
Бул аралыкта дүйнөлүк окумуштуулар ооруга каршы вакцинанын бир нече түрүн иштеп чыгып, учурда дүйнө калкынын үч миллиарддан ашууну эмделди. Анын ичинде 344 миллиондон ашуун жараны эмделген Индия биринчи орунда. Экинчи орунда АКШ турат, 329 миллион америкалык коронавируска каршы эмделген.
Дагы караңыз
Ошто коронавирустан көз жумган дарыгерге мемориалдык такта орнотулдуКыргызстан ооган кыргыздары үчүн "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунан жардам сурайтБээжиндин катаал саясатына көз жумган Борбор АзияРахмон Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагына бардыМамлекет “Мегакомду” жакшы баага саткысы келетТүркия-Иран чек арасы күчөтүлгөн режимге өткөнү кабарланды“Бакиев бийликке мыйзамсыз отурган” COVID-19 дагы 11 кишинин өмүрүн алды