Өлкө башчысы Садыр Жапаров 16-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Бөрүбашев укуктук маселелер боюнча эксперт катары белгилүү. 2020-жылы ноябрь айында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов аны Конституциялык кеңешменин төрагасы кылып дайындаган.
Быйыл 5-майда өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон президенттик башкарууга багытталган Конституцияны ал жетектеген Конституциялык кеңешме жазган.
66 жаштагы Бекбосун Бөрүбашев Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 1982-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетин, 1997-жылы ушул эле окуу жайдын Юридика факультетин бүтүргөн. Юридика илимдеринин доктору. (BTo)
Дагы караңыз
Бийликтин айыптоосу, "Талибандын" талабыБайден: Москва энергоресурсту коңшуларга каршы курал кылбашы керекCOVID-19: УКМКнын тергөө абагында жаткан төрт адам ооруканага которулдуПрезидент сунуштаган шайлоо мыйзамына парламенттин сыныАмерика университетинин экс-президенти өлкөдөн чыгарылатКыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү ишинде дагы бир адам камалдыАзиз Суракматов 150 млн. сом төлөп абактан чыкты