Байден: Москва энергоресурсту коңшуларга каршы курал кылбашы керек

Германиянын канцлери Ангела Меркел, АКШнын президенти Жо Байден

АКШ менен Германия Орусиянын энергоресурстарды өз коңшуларына карата курал катары колдонуусуна каршы турат. Бул тууралуу 15-июлда Вашингтондо Жо Байден Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолуккандан соң маалымат жыйында билдирди. Эки лидер НАТОдогу өнөктөштөрдүн кызыкчылыгын Орусиянын агрессиясынан коргоо боюнча чогуу аракет көрөрүн билдирди.

Маалымат жыйынында “Түндүк агым-2” газ куурунун тагдыры да башкы темалардын бири болду. Президент Байден долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан немис компанияларына тынчсыздануусун билдирди.

“Түндүк агым-2” газ кууру менен Орусиянын газын Украинанын аймагына кирбей туруп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга жеткирүү каралган. Бул долбоор аркылуу Орусия энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорт кылуу көз карандылыгын азайткысы келип жатат. Европанын бир катар өлкөлөрү жана АКШ “Түндүк агым-2” ишке кирсе, Москванын Украинага карата басымы күчөйт деп сындап келет. Балтика деңизинин түбүнө жаткырылчу куурдун курулушу АКШнын санкцияларынан улам 2019-жылдын аягында токтоп калган.

Бирок жакында Жо Байден бул маселени чечүүгө даяр экенин белгилеп, долбоорго катышкан немис компанияларына санкция салуудан баш тарткан. Анын бул позициясын демократтар да, республикачылар да сынга алышкан. Бул жолку жолугушууда Байден “жакшы достордун мунаса таппай коюшу мүмкүн эмес” деп санкция маселесин кийинкиге жылдырууга даяр экенин ишара кылды.

Германияны 16 жылдан бери башкарган Ангела Меркелдин Вашингтонго бул жолу сапары канцлер катары чет өлкөлүк акыркы визиттеринин бири болду. Меркел быйылкы шайлоодон соң кызматтан кетерин жарыялаган.

Дагы караңыз

Ташиевдин жээни делген кишинин кызмат чырыАнтикоррупциялык кеңеш: ишкерлердин үмүтү жана күдүгү Сулайман Кайыпов: Кыргыздар Вахан коридорунан көчпөшү керекОоганстанга 850 миллион долларлык жардам керекБеларус: журналисттердин үйү тинтилип, айрымдары кармалды