COVID-19: УКМКнын тергөө абагында жаткан төрт адам ооруканага которулду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып турган төрт адам короновирус белгилери менен ооруканага жаткырылды.

Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Бирок кайсы ооруканага которулганы кабарланган жок.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери 2 154​ адам каза болду.

Вирус 146 миңден ашык адамга жугуп, андан 123 миңге жакын бейтап айыкты. (BTo)

Дагы караңыз

Антикоррупциялык кеңеш: ишкерлердин үмүтү жана күдүгү Сулайман Кайыпов: Кыргыздар Вахан коридорунан көчпөшү керекУКМК: террористтик актыны ишке ашырууга аракет кылган адам кармалдыЭт бир жылда дээрлик 36% кымбаттадыАзиз Суракматов 150 млн. сом төлөп абактан чыкты