Ballon d'or 2021: Месси же Левандовски?

"Алтын топко" негизги талапкер катары аты аталган Лионел Месси менен Роберт Левандовский

Футбол боюнча клубдар арасындагы мелдештер жыйынтыкталып, курама командалар күч сынашкан Европанын жана Түштүк Американын чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Футболдогу тыныгуу быйыл “Алтын топту” ким алат деген талкууну кызытты.

Негизи France football журналынын сыйлыгы декабрь айында ыйгарылат. Бирок анын болжолдуу ээси ушул маалда белгилүү боло баштайт. Азыр Лионел Месси, Роберт Левандовский жана Гарри Кейндин ысымы аталып жатат. Бул үчилтиктин ичинен аргентиналык гений “Алтын топко” алда канча жакын. Футболду калтырбай көрүп, андагы статистикаларга көңүл бурган күйөрман катары сиздер менен пикиримди бөлүшөйүн.

Түп тамыры менен өзгөргөн тизме

Европа өлкөлөрүнүн клубдук чемпионаттары соңуна чыккандан кийин, Ballon d'or же болбосо "Алтын топ" сыйлыгына талапкерлердин болжолдуу тизмеси түзүлүп калган. Алар: Н'Голо Канте, Роберт Левандовски, Кевин Де Брёйне жана Рахим Стерлинг. Бул футболчулардын кимиси Евро-2020да жакшы ойносо, ошого France football журналынын "сыйлуу устуканы" тартылмак. Өзгөчө “Челси” менен Франциянын “мотору” Кантеге жан тарткандар көп болчу. 30 жаштагы футболчуда Лука Модричтин 2018-жылдагы ийгилигин кайталап кое турган мүмкүнчүлүк бар эле. Себеби, Канте Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Реал Мадридди” жалгыз токтотуп, финалда “беттештин мыкты оюнчусу” деп таанылган.

Франциянын жарым коргоочусу Н'Голо Канте менен украиналык футболчу Роман Яремчук.

Бирок Канте ойногон Франция командасы Евро-2020 чемпионатынын 1/8 финалында Швейцарияга утулуп калды. Муну менен чогуу Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү Н'Голо Кантенин үмүтү таш капты. Франция жок дегенде чемпионаттын финалына чыкканда, анда Канте негизги талапкерге айланмак.

Ал эми Рахим Стерлингдин “Алтын топко” болгон аракети Англия-Дания беттешинин 103-минутасында күм-жам болду. Англия Евро-2020ны утуп алган күндө дагы, Стерлингдин “Алтын топту” алышы арсар эле. Себеби, талаштуу пенальтинин ээсине футболдогу башкы сыйлыкты ким ыйгарат? Мындай кадам “Алтын топко” аброй алып келмек эмес.

Рахим Стерлинг бир жылдын ичинде эки финалда утулуп, "Манчестер Сити" менен Чемпиондор Лигасына, Англия менен Европанын алтынына жетпей калды.

Европа биринчилигиндеги командалардын начар оюнунан улам Кевин Де Брёйне, Килиан Мбаппе сыяктуу оюнчулар да “Алтын топтун” тизмесинен жыдыды.

Гарри Кейн. Планды финал бузду.

Жогорудагы футболчуларга караганда, “Тоттенхэмдин” эң кымбат активи (120 млн. €) жана Англиянын капитаны Гарри Кейн "Алтын топ" сыйлыгына алда канча жакын. Кейн быйыл Англия чемпионатында 35 оюнда 23 гол киргизип, “мыкты бомбардир” аталды. Евро-2020 биринчилигинде дагы 4 гол жаратып, алгачкы бешилтиктен орун алды. Кейн – жөн гана чабуулчу эмес, оюнду жүргүзө турган футболчу, команданын лидери.

Гари Кейндин Евро-2020 чемпионатынын финалына чыккандагы кубанычы. Ал бул турнирде 4 гол киргизди.

Бирок “Тоттенхэмдин” Англия чемпионатында жетинчи болушу, Чемпиондор лигасында ойнобой калышы Кейнди “Алтын топтун” алдында алсыратып жатат. Бул кемчиликтерди Англиянын Евро-2020ны утуп алышы гана жууп кетмек.

Левандовски. Өткөн жылдын өксүгү кайтабы?

Роберт Левандовски – Лионел Мессиден “Алтын топту” талаша турган негизги талапкер. Бир жыл мурун “Бавария” өзүнүн тарыхындагы экинчи треблди жасап, Чемпиондор Лигасын, Германиянын чемпионатын жана Кубогун утуп алган. Ал турнирлерде Лева 55 гол киргизген. Бирок France football коронавирус пандемиясына байланыштуу 2019/20 сезонундагы “Алтын топту” эч кимге ыйгарбоо чечимин кабыл алган. Бул футболдогу адилетсиздик чечимдердин бири болду.

Левандовски өзүнүн гол киргизе турган машинеге айланганын быйыл дагы далилдеди. Ал 2020-21-жылы Германия чемпионатындагы 41 голу менен Европанын мыкты бомбардири деп табылды. Бул жетишкендиги үчүн “Алтын бутсыга” ээ болду. Мындан тышкары Герд Мюллердин “түбөлүктүү” рекорддун дагы жаңыртты. Легендарлуу немец 1971-1972-жылдагы сезондо 40 гол киргизген болчу.

Левандовски 2020-жылы "Алтын топту" албай калганы менен, УЕФА аны "Жылдын мыкты оюнчусу" деп тааныган.

Бирок Роберт Левандовскиде 41 голдон башка бетке кармай турган эч нерсе жок. “Бавария” Германиянын чемпионатын Лева жок деле алмак. Ансыз деле тогуз жылдан бери (2012-2021) “Бавариядан” ашып өткөн команда табыла элек. Польша болсо Евро-2020да тайпасынан чыкпай калды.

Бирок “Алтын топту” ыйгара тургандар Левандовскинин былтыркы өксүгүн, быйылкы жетишкендиктерин эске алып, сыйлыкты польшалык футболчуга берип коюшу толук мүмкүн.

Лионел Месси - негизги талапкер

Жогоруда белгилегендей мындан бир ай мурун “Алтын топту” ала тургандардын болжолдуу тизмесинде аргентиналык гений Леонел Месси жок болчу. Себеби Барселона Супер Кубоктон башка трофей уткан жок. Клуб Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынан ары көтөрүлбөй, Испания чемпионатында болсо үчүнчү болуп келди.

Бирок Бразилияда өткөн Америка кубогу Леонун негизги көзүрү болуп турат. 34 жаштагы футболчу Аргентинаны финалга чейин жалгыз сүйрөп келди. Месси – чемпионаттын мыкты оюнчусу, мыкты бомбардири (4 гол) жана мыкты ассистенти (5 пас) деп табылды. Аргентина Америка кубогунун алтынын утуш үчүн 12 гол жаратса, ошонун тогузу Мессинин эмгеги. Ошентип Лионел Месси Аргентина менен өмүрүндөгү алгачкы трофейди (2008-жылдагы олимпиада алтынын эсептештин кажети жок) утуп алды. Муну менен чогуу хейтерлердин “Месси Аргентина менен эч нерсе жеңе элек” деген аргументи жок болуп, 34 жаштагы футболчу карьерасындагы бөксөсүн толтуруп алгандай болду.

Месси "Алтын топту" алты жолу утуп алган жалгыз футболчу. Экинчи орунда беш "Алтын тобу" менен Криштиану Роналду келе жатат.

Америка Кубогунан кийин Мессинин Ла Лигадагы көрсөткүчтөрү да көзгө көрүнө баштады. Лео 2020/21 сезонунда 30 гол киргизип, 9 пас чыгарып берген. Бул Испаниядагы эң жогорку көрсөткүч. Мындан тышкары “Барселонанын” ар бир чабуулу Месси аркылуу өтө турганын эске алуу зарыл.

Ballon d'or же “Алтын топтун” жеңүүчүсүн спорт журналисттери, машыктыруучулар жана улуттук командалардын капитандары добуш берүү жолу менен аныктайт. Алардын тандоосу Мессиге токтой турганы күтүлгөн эле көрүнүш болуп калды. Муну футбол күйөрмандары жакшы түшүнүп турат.

P.S: Негизи “Алтын топту” Европанын чемпионатын ачык футболу менен утуп алган Италия командасынын өкүлүн көргүм келген. Бирок алардын курамында жарык жылдыз, башкалардан бөлүнүп турган футболчу жок. Болбосо Жоржиньо “Челси” менен Чемпиондор Лигасын, Италия менен Европа биринчилигин утуп алды. Бирок “Алтын топ” жеке оюнчуга берилчү сыйлык экенин эске алуу зарыл. Анын үстүнө Жоржиньо эки командада тең оюнду жүргүзө турган оюнчу эмес.

Римдеги уйкусуз түн: Италияны кубандырган жеңиш