Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Кыргызстанда террористтик актыны ишке ашыруу үчүн куралдуу чыр-чатактардын аймагынан келген Кыргызстандын жараны Маматазиз уулу Г. кармалды" деп билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, ал Ооганстанда эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү аныкталды.
Атайын кызмат өлкөдө террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо, аларга бөгөт коюу иш-чаралары улантылып жатканын билдирди. (BTo)
Дагы караңыз
Эт бир жылда дээрлик 36% кымбаттадыЖогорку соттун төрайымы калп аныктоочу детектордон өтөт Аксыда селден каза болгондордун жакындарына акчалай жардам берилдиКыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү ишинде дагы бир адам камалдыАзиз Суракматов 150 млн. сом төлөп абактан чыкты