Улуттук статистика комитети 18 калктуу конушта мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында 1 кг уйдун этинин орточо баасын 464,76 сом деп эсептеди. Муну менен уйдун эти өткөн жылдын июль айынын ортосуна салыштырмалуу 108 сомго же дээрлик 30,3% өскөн.
Койдун этинин 1 кг 488,47 сом болду же 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,1% кымбаттады.
Уйдун эти Жалал-Абад, Нарын жана Ош шаарларында кымбаттаганы байкалды. Койдун эти эң көп Кара-Суу, Жалал-Абад жана Ош шаарларында өстү. Кыргызстанда эт былтыр жай айларынан баштап кымбаттай баштаган.
2020-жылы Кыргызстанда малдын жана тооктун эти жалпы алганда (союла турган мал жана канаттуулар тирүү салмагында) 420 524,5 тонна өндүрүлгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Жогорку соттун төрайымы калп аныктоочу детектордон өтөт Аксыда селден каза болгондордун жакындарына акчалай жардам берилдиCOVID-19: Дагы 11 адам көз жумду, вирус 1334 кишиден аныкталдыКыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү ишинде дагы бир адам камалдыАзиз Суракматов 150 млн. сом төлөп абактан чыкты