Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып алты адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион 300 миң сом, ушул эле кырсыкта өмүрү кыйылган эки баланын жакындарына 150 миң сомдон берилди. Бул каражат президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүндү.
Аксыда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү ошол эле күнү, эки жарым жаштагы кыздын сөөгү 14-июлда гана табылган. Дагы бир беш жаштагы баланын сөөгү изделип жатат.
Селден каза болгон сегиз кишинин алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырган эле. (BTo)
Дагы караңыз
COVID-19: Дагы 11 адам көз жумду, вирус 1334 кишиден аныкталдыТашкент: жаңы штамм, бейтаптарга толгон ооруканаларАмерика университетинин экс-президенти өлкөдөн чыгарылатАзиз Суракматов 150 млн. сом төлөп абактан чыктыКыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү ишинде дагы бир адам камалды