Кыргызстандын муфтийи коронавируска каршы эмделүүгө чакырды

Муфтий Замир Ракиев вакцина алып жатат.

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев элди коронавируска каршы эмделүүгө чакырды. Ал мындай чакырыкты 15-июлда муфтияттын кызматкерлери менен бирге вакцина алган соң жасады. Ракиев ислам дининде да илимдин жетишкендиктерин колдонуу айтылганын белгиледи:

“Ислам көз карашында ушундай оорулар пайда болуп, жайылып, адамзат айласын таппай жаткан учурда медицина илиминин акыркы чечимине таянып туруп, иш кылат. Азыркы тапта коронавирустан арылуунун бирден-бир жолу вакцина сайдыруу экенин дүйнөлүк медицина жарыялап жатат”-деди муфтий

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19га каршы эмдөө боюнча фатва чыгарган эле.

Кыргызстанда бир жарым жыл ичинде коронавирус 145 миңдей адамга жукту, алардын 2 100дөн көбү көз жумду. 15-июлга карата өлкө боюнча 150 миңдей киши вакцина алды.

Дагы караңыз

Муфтият: айт намазы мечиттерде гана окулатКыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет Өзбекстан хижабга уруксат бердиМуфтий Ракиев: жаңылануу тууралуу пландарыбыз барУКМК муфтий шайлоого аралашпаганын билдирди