Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөй тартипте алуу үчүн документтерди кабыл алуу 20-июлда башталат. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлиги билдирди.
Бул норма этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок адамдарга гана тиешелүү болот. Ал 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.
Президент Садыр Жапаров этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жобосу тууралуу буйрукка 9-июлда кол койгон.
2020-жылы 1400гө жакын адам жарандык алган. Алардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзгөн.
Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагында өзүнүн тек-жайын тастыктаган документтери жок беш миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт. (SE)
Дагы караңыз
Тажикстанга качкан оогандык кыргыздар көбөйдүМонополияга каршы агенттик "Манас" аэропортунун жетекчилигине эскертүү бердиНидерланддарда криминалды иликтеген журналист кол салуудан каза болдуCOVID-19: Дүйнөдө каза болгондор кайра көбөйдүБешимов: бийлик ооган кыргыздарына жардам бериши керек