Марипов айыл чарбага насыя берүү жобосун өзгөртүүнү тапшырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 15-июлда “Айыл банк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаевди кабыл алды. Анда айыл чарба тармагына насыя берүү маселелери тууралуу сөз болду.

“Министрлер кабинетинин башчысы чакан жана орто бизнести, анын ичинде тамчылатып сугаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу долбоорлорун колдоо, колл-борборлордун ишин күчөтүү жана интернет-банкингди өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи”, - деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Анда Марипов айыл чарбага берилген жеңилдетилген насыя натыйжалуу болбой жатканын белгилеп, анын жол-жобосун өзгөртүүнү тапшырган.

“Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө тогуз жылдан бери насыялар берилип келет, бирок агрардык сектордун өнүгүү динамикасы төмөнкү деңгээлде калууда. Кредиттерди берүү механизмдерин кайрадан карап чыгуу зарыл”, -деген Марипов.

Былтыр айыл чарбасына төрт миллиард сомго жакын жеңилдетилген насыя берилген.

Дагы караңыз

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиТИМ Кытайдан "Токтогул" ГЭСине керектүү жабдыктарды чек арадан өткөрүүнү сурандыТокиодогу Олимп оюндарына кыргызстандык 17 спортчу барат Аткаминерлер төлөгөн миллиарддар Момбеков: жаңы шайлоо мыйзамы менен парламентке байлар эле келет