Ооган өкмөтү талибдер Пакистан менен чектеш аймакты басып алганын четке какты

Ооганстандын өкмөт күчтөрүнүн өкүлдөрү.

Ооганстандын өкмөтү 14-июлда талибдер Пакистан менен чектеш аймакты басып алганы тууралуу кабарды четке какты.

"Талибдер чектеш аймакта согуштук аракет жасашты, бирок өкмөт күчтөрү алардын мизин кайтарды",- деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бирок "Талибан" кыймылынын өкүлү Забибулла Мужахед чек арадагы маанилүү жайлардын бири - Кандагар облусунун Ваш шаарчасын ээлеп алышканын маалымдады.

Пакистандын аскерлери аталган шаарда "Талибан" кыймылынын байрагы илинип турганын билдиришти. Социалдык тармактарда жарыяланган фотолордо талибдер аталган конушка кирип жатканын көрүүгө болот.

Ооганстан менен Пакистандын Спин-Болдак бекети стратегиялык мааниге ээ.