Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алууда динамикалуу өсүш башталганын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 14-июлда кечки саат сегизге карата эмделгендердин саны 144 миңден ашты.
Расмий маалыматка караганда, вакцина сайдыргандардын көбүн 30дан 70 жашка чейинки жарандар түзүп жатат.
Кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакциналары менен эмделүүдө. Эмдөө акысыз, 18 жаштан өткөн бардык жарандар алса болот. Поликлиникалардан тышкары соода борборлорунда, парктарда жана билим берүү мекемелеринин имараттарында эмдөө пункттары ачылган.
Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын расмий саны 14-июлда 143 миңден ашты. Бейтаптардын 2000ден көбү көз жумду. (SE)
Дагы караңыз
Беларуста укук коргоо уюмдарынын кеңселеринде тинтүү жүрдүБекмурзаев: “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча мактанарлык иш жокАкин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко бердиЭкономика: былтыркыдан тың, мурдагыдан чабалОогандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качты