Былтыр Кыргызстанда коронавирус күчөп, ооруканаларда бош орун жок калганда бейтаптар үчүн мурдагы "Ганси" аба базасынын ордуна ачылган “Семетей” госпиталы медицианалык талаптарга жооп бербейт.
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-июлда Жогорку Кеңеште айтты. Ал госпиталь ачылган күндө да бейтаптар үчүн шарттар түзүлбөгөнүн, кышкысын жылытуу системасы жок экенин кошумчалады.
“Биздин элде эң чоң трагедия "Ганси" базасындагы ооруканада болгон. Мен муну министр катары ачык эле айтам. Ал жерге көп каражат кетип бирок шарты жок эле ачылган. Ошол жерде адамдар да көп өлгөн. "Ганси" медицианалык талаптарга жооп бербейт”.
2020-жылы коронавирус пандемиясы күч алган июнь-июль айларында Кыргызстандагы ооруканаларда орун жетишпей, бир катар бош имараттарда убактылуу стационарлар ачылган. Өкмөт "Ганси" аба базасынын ордуна “Семетей” госпиталын даярдаган. Бул жерде бир нече адам каза болгон.
Ошол кездеги өкмөт “Семетейде” бардык шарт бар экенин билдирип турган. (BTo)
Дагы караңыз
УКМКнын акча кымырып алды делген тергөөчүсү тил кат менен бошотулду Оогандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качтыКыргызстанда сабиз арзандай баштады Министр: калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт (видео)Кубада бийликке каршы акцияда бир киши көз жумдуСузактагы жазасыз калган кош нике