"Ховар": ооганстандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качты

Тажик-ооган чек арасы.

13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылынын жашоочулары, этникалык кыргыздар талибдерден коркуп Тажикстандын аймагына кире качышканын «Ховар» маалымат агенттиги Чек ара кызматына таянып жазды. Маалыматка караганда, 77 ооганстандык кыргызды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен.

Учурда качкындар Мургаб районуна жайгаштырылды. Ооганстандык кыргыздар мал жандыктарын айдай келишкен. Качкындар менен кошо 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана отуз жылкы кирген.

Дагы караңыз Оогандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тактап жатканын билдирди.

Соңку жумаларда “Талибан” кыймылы Ооганстандын үчтөн бир бөлүгүн, анын ичинде Тажикстан менен чектешкен аймактарды өз карамагына алышкан. Буга чейин ооган өкмөтүнүн миңдей аскери Тажикстандын аймагына өтө качкан. Расмий Дүйшөмбү чек арага кошумча 20 миңдей аскер тартылганын маалымдады.

Дагы караңыз

УКМКнын акча кымырып алды делген тергөөчүсү тил кат менен бошотулду Министр: калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт (видео)Экономика: былтыркыдан тың, мурдагыдан чабалКубада бийликке каршы акцияда бир киши көз жумдуСузактагы жазасыз калган кош нике COVID-19: Орусияда курмандыктар көбөйдүГрузияда телеканалдар бийликтин отставкасын талап кылыштыОоганстандагы согушка от тамызган геосаясат