Кыргызстанда 14-июлга карата коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 140 922 адам алды. Экинчи доза менен 84 147 адам эмдөөдөн өттү (вакцина бир адамга эки дозада сайылат, ортодогу аралык үч жума болот).
Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
11-июль күнү Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калганын бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алды.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан да Sputnik-V вакцинаcын алган. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.
Вакцина акысыз, 18 жаштан өткөн бардык жарандар алса болот. (BT0)
Дагы караңыз
Аксыда сел агызып кеткен кыздын сөөгү табылдыОнлайн окуу жана балдардын депрессиясы “Дөө Чыңгыздын” абак жазасы: укук жана таасирCOVID-19: Дагы он адам көз жумду, 1398 бейтап жаңы катталды