Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып кеткен эки жарым жаштагы кыздын сөөгүн атасы 14-июлда сел алып кеткен үйүнүн жанынан тапты. Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ырастады.
Аксыда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү ошол эле күнү табылган.
Селден каза болгон сегиз кишинин алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.
Ал эми дайынсыз болуп жаткан дагы бир беш жаштагы бала кошуна Жаңы-Жол айылынан. Аны милиция кызматкерлери атайын даярдыктагы иттер менен издеп жатат.
Сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырган. (TB)
Дагы караңыз
Аксы: сел бир үйдөн алты өмүрдү алдыАксыда сел жүргөн айыл аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды“Дөө Чыңгыздын” абак жазасы: укук жана таасирCOVID-19: Дагы он адам көз жумду, 1398 бейтап жаңы катталдыОоганстандагы согушка от тамызган геосаясат