Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Топон сууга агып кеткен эки бала табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жоголгон наристелерди издөө, селдин кесепетин жоюу иштери уланып жатканын кабарлады.
Аксыда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү табылды жана алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.
Селден каза болгондордун жетөө Ак-Жол, ал эми дайынсыз болуп жаткан беш жаштагы бала кошуна Жаңы-Жол айылынан.
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет.
Дагы караңыз
COVID-19: Дагы он адам көз жумду, 1398 бейтап жаңы катталды"Вакцина - чип эмес". Бишкектеги эмдөөнүн жүрүшүОоганстандагы согушка от тамызган геосаясат Комиссия: ЭлТР Бабановго байланыштуу сюжетте этика нормаларын бузган