Тажикстанда чек арадан мыйзамсыз өттү делген кыргыз жараны беш жылга соттолду

Тажикстанда кармалган жакындарын бошотууну талап кылып келген жарандар. Баткен шаары. 2021-жылдын 22-февралы.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен камакта отурган кыргыз жарандарына байланыштуу комментарий берди.

Ага ылайык, Дүйшөмбү шаарындагы тергөө абагында ушундай берене менен төрт кыргыз жараны отурган жана алардын бирин райондук сот 9-июлда беш жылга эркинен ажыратты. Калган эки адамга байланыштуу сот жараяны 12-июлга белгиленген, бирок күбөлөрдүн келбегенинен улам 16-июлга жылган. Дагы бир жарандын иши 14-июлда каралат.

"Бул жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн 19-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү нота жөнөтүлгөн. Муну менен катар тажик тараптан элчиликке бул жарандарга байланыштуу расмий маалымат берилген эмес. Тажикстандын укук коргоо органдарынын оозеки билдиришинче, ал жарандарга чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам элчиликтин кызматкерлери сот жараянына киргизилген эмес", -деп айтылат ТИМ тараткан билдирүүдө.

ТИМ бул маселе аталган мекеменин көзөмөлүндө экенин, камалган жарандардын туугандары менен байланышып жатканын билдирди.

Тажикстан бул жагдай тууралуу расмий комментарий берген эмес.

Быйыл жыл башынан бери Тажикстанда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жарандар үчүн жаза катаалдашкан болчу.

Дагы караңыз

Эки баласы менен жолдо каза болгон келиндин жакындары митингге чыктыБылтыр сот чечимдеринин 10% каршы экинчи инстанцияга арыз түшкөнАдвокат: Инандыны Бишкектен үч киши уурдаганОлимпиадада алтын медал уткан спортчуга 10 млн. сом сый акы берилет