Шашылыш билдирүү: 12-14-июль күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11 градус болот.
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° болот.
Дагы караңыз
Курманкул Зулушев: Кылмыш-жаза кодексине жаңы 47 берене киргизилет Кытайда мейманкана урап, тогуз адам каза болдуАксы: сел бир үйдөн алты өмүрдү алдыИИМ: Москвада кыргыз-тажик жарандарынын урушуна бөгөт коюлдуДанияр Нарымбаев тергөө абагынан жеке ооруканага которулду Алты айда бюджеттин кирешеси 80 миллиард сомдон аштыШайлоо мыйзамы: талапкерлерден мүлкү тууралуу маалымат алуу сунушу берилди