Кыргызстан Кытай менен жүк өткөрүүнү көбөйтүүнү сүйлөшүүдө

Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан Кытай тарап менен эки өлкөнүн чек ара бекеттеринен жүк өткөрүүнү көбөйтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Мекеме Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кыргыз тарапка чек арадагы өткөрүү пункттарынын кызматкерлерин, айдоочуларды, товар ташыган адамдарды коронавируска каршы эмдөөнү сунуштаган.

12-июлда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүгө 30-35 гана автоунаа өтүп жатканын айткан. Ал муну Кытай Кыргызстанда калктын 70% эмделиши керек деген шарт коюп жатканы менен түшүндүргөн.

Элчилик бул маалыматты четке кагып, Кыргызстанга мындай талап койбогонун билдирген.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот. (BTo)

Дагы караңыз

Аксыдагы селден алты адам каза болдуОрхан Инандыга айып тагылганы кабарландыЧек ара: өзгөрбөгөн абал, түпөйүл болгон эл Эмдөө шартын билбегендер арбын Талибдер Газни шаарын курчоого алды“Социал-демократтар” шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтөөгө чакырды