Кербен шаардык кеңеши үч жолу тең мэр шайлай алган жок. Мындан улам депутаттарды таратуу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы районундагы жана Таш-Көмүр шаарындагы өкүлү Казыбек Шадыбеков билдирди.
"БШК Кербен шаардык кеңешин таратып, кайра шайлоо дайындоо тууралуу президентке кат жиберди", - деди Шадыбеков.
Кербен шаарынын мэрин шайлоо алгач 7-июнга белгиленип, бирок кворум жоктугунан өтпөй калган.
21-июндагы шайлоодо жалгыз талапкер Медет Айдаралиев талапкерлигин алып койгондуктан шайлоо токтогон.
5-июлдагы мэр шайлоодо Айбек Атамкулов талапкер болгон, бирок кворум жоктугунан шайлоо өткөн эмес.
Кербен шаардык кеңешинде 31 депутаттык орун бар. (TB)
Дагы караңыз
Шаардык кеңештерге өткөн партияларга 24-июлга чейин мандаттар берилетРимдеги уйкусуз түн: Италияны кубандырган жеңишКуба саясий жана экономикалык кризиске батты Кыргызстанда жасалган жүк ташуучу унааларПрезидент сунуштаган шайлоо мыйзамы, жарандык коомдун сыны