Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн партияларга 24-июлга чейин мандаттар берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мучөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Ал 11-июлдагы шайлоонун жыйынтыгы чыгып бүткөнүн, добуш берүү жараянына байланыштуу түшкөн арыз-даттануулар эки жумага жакын аралыкта каралып, анан депутаттарга төш белгилер ыйгарыларын айтты.
Бишкектеги 45 мандатты алты партия бөлүшөт. Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат төрт партияга, Токмоктогу 31 мандат беш партияга берилет. (SE)
Дагы караңыз
Кытайдын Sinopharm вакцинасы Ошко жеткирилдиКытай элчилиги: Эмдөө боюнча Кыргызстанга талап койгон жокпузБоомдогу жол кырсыгында алты бала жеңил жараат алдыГрузин премьери соңку акцияларды "кутум" деп атады