Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили өлкөдөгү соңку күндөрдөгү нааразылык акциясын мамлекетке каршы "ийгиликсиз кутум" деп атады. Ал мунун артында өкмөткө жана чиркөөгө каршы күчтөр турат деп эсептейт.
Гарибашвили бул тууралуу дүйшөмбүдө өкмөттүн жыйынынан кийин билдирди.
Бир күн мурда Тбилисиде телеоператор Лексо Лашкараванын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясы өтүп, миңдеген адамдар грузин премьер-министринин отставкасын талап кылышкан.
"Пирвели" телеканалында иштеген 37 жаштагы Лашкарава 5-июлда сексуалдык азчылыктардын жүрүшүнө каршы чыккандардын ур-токмогуна кабылып, бир нече күн өткөн соң көз жумган.
ЛГБТ коомчулугунун укуктарын коргоо боюнча жүрүшкө чыккандарга жана аны чагылдырып жүргөн маалымат каражаттарынын кызматкерлерине оңчул радикалдар кол салышкан. Анда 50гө жакын журналист жана операторлор сабалган болчу. Бул учурунда полиция кызматкерлери ызы-чууга кийлигишпей, сырттан карап турушкан.
Кырдаалга Грузиядагы оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрү бийликтин жоопкерчилиги бар экенин айтышып, премьер-министрдин кыска убакыт ичинде кызматтан кетишин талап кылууда.
Телеоператордун өлүмүн “трагедия” деп атаган премьер-министр Гарибашвили “соңку кырдаалды айрым күчтөр өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылып жатат” деп билдирди.
Буга чейин Европа Биримдигине мүчө 18 өлкөнүн өкүлдөрү журналисттердин ур-токмокко алынышын кескин сындап, грузин бийлигин окуяны кылдат иликтөөгө чакырган.
Дагы караңыз
Болгарияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылуудаИталия футболдон Европа чемпиону болдуМасадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болдуОппозициячыл саясатчы Илья Яшин муниципалдык кызматын тапшырат"Талибандын" өкүлдөрү Түркмөнстанга келди