Өнөркана: "Сүрөтчүлөр шаарчасындагы" сырдуу дүйнө

Сүрөтчү Бектен Усубалиев.

Бул жолу биз Бишкектеги сүрөтчүлөр шаарчасына жана ага жанаша турган Сүрөтчүлөр фондунун короосуна баш бактык. Акактаткан аптапка карабай сүрөтчүлөр өнөрканасында иш кызуу.

Эски имарат, эптеп кураштырылган тепкичтер менен басып, кулпу илинген эшиктерди аралап сүрөтчүлөрдүн өнөрканасына киресиң. Бул короого киргенде башка дүйнөгө түшүп калгандай болосуң.

Сүрөтчүлөр сырттагы чачылган короо, кунары качкан эски имараттар менен деле иши жок. Жаңы келген коногуна чай сунуп, ар бири сүрөттөрүн көрсөтө кудуңдап жаш балача сүйүнүп жүрүшөт. Арасында айкелчиден тартып териге, чопого сүрөт тарткандары да бар.

Короого кирерибиз менен эле кыргыздын атактуу уулу, белгилүү сүрөтчү жана кино актёр Сүймөнкул Чокморовдун айкелин көрдүк.

Бийиктиги үч метрдей болгон айкелдин авторун жолуктура алган жокпуз.

Сүрөтчүлөрдүн үйүндө Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүйүтбек Төрөбековдун өнөрканасына баш бактык.

Сүйүтбек Төрөбеков портрет, сюжеттик эмгек, пейзаж, натюрморт жанрларында эмгектерди жараткан сүрөтчү. Ал биз барганда кесиптеши Ормон Идрисов менен чай үстүндө баарлашып отурган экен.

Кээде бош убакыт боло калганда сүрөтчүлөр чогулуп, чай ичип баарлашып турат.

Сүрөтчү Ормон Идрисов сүрөтчүлөр үйүндөгү англис тилин билгендердин бири. Ал азыр дагы англис тилин үйрөнүп жүрөт. Атайын барактарга англисче сөздөрдү жана алардын котормосун жазып, илип койгон.

“Пандемияга чейин биздин өнөрканага чет элдик туристтер көп келчү. Анан чет өлкөлөргө да көргөзмөлөргө чыгабыз. Англис тили аябай керек болот. Ошол себептен англис тилин үйрөнүп жүрөм. Кээде чет элдик туристтер келип калганда мындагы сүрөтчүлөр мени котормочу кылып ашылат”, - деди сүрөтчү күлүп.

Ормон Идрисовдун "Гүлдесте" картинасы.

Ормон Идрисов жаңы картинанын үстүнөн иштеп жатат.

Сүрөтчүлөр шаарчасында 10дөн ашык сүрөтчүлөрдүн өнөрканасы бар. Ар бир сүрөтчү бири-бирине такыр окшошпогон, ар кайсы жанрдагы эмгектерди жаратышат. Ар бир өнөрканага киргенде өзүнчө кайталангыс дүйнөгө түшкөндөй болосуң.

Сүрөтчү Бектен Усубалиевдин картиналары.

Маселен, сүрөтчү Бектен Усубалиев (жогоруда биринчи сүрөттө) май боёктордун жардамы менен кыздардын, балдардын образын жаратып, эшектердин сүрөтүн тартканды жакшы көрөт.

Бектен Усубалиевдин "Бала жана эшек" картинасы.

“Мен эшекти тартканды жакшы көрөм. Анткени бала чагымда эшектер аябай көп болчу. Азыр эми эшектер жок болуп баратат”, - деди сүрөтчү өзүнүн эмгектерин көрсөтүп жатып.

Бектен Усубалиев картиналарын көрсөтүп жатат.

"Сүрөтчүлөр шаарчасы" деп аталган бул имаратка жергиликтүү жарандарга караганда чет элдик туристтер көп келчү. Пандемия башталгандан бери туристтер дээрлик келбей калган.

"Туристтер же Кыргызстанда жашаган чет элдик жарандар бизге көп келчү. Картиналарды да ошолор сатып алышчу. Түрдүү мастер класстарды, көргөзмөлөрдү уюштурчубуз. Бул жерге келген киши кадимкидей эс алып, түрдүү жанрда тартылган картиналарды көрүп, чарчап да калышчу. Пандемия башталгандан бери биздин шаарчабыз тынчып калды", - деди сүрөтчү Ормон Идрисов.

Өнөрканага азыр бирин-серин эле киши баш бакпаса, калган учурда тыптынч.

"Сүрөтчүлөр шаарчасынын" имаратында атайын көргөзмө залы бар. Азыр бул жерде онго жакын сүрөтчүнүн "Гүлдесте" аттуу көргөзмөсү коюлган. Ушул эле залда теннис столу бар. Кээде сүрөтчүлөр чогулуп теннис, шахмат ойноп турушат.

Бул тепкичтер менен барсаң сүрөтчү Владимир Фазиевдин өнөрканасы түшөсүң.

Биз барганда ал окуучуларына сабак өтүп жаткан экен.

Ал эми тери чебери Шерали Сооронбаевдин өнөрканасында иш кызып жаткан учурга туш келдик. Сүрөтчү жаңы эмгегинин үстүндө иштеп жаткан экен.

Шерали Сооронбаев териге сүрөт тарткан өнөр ээси. Анын ар бир эмгеги түмөн түйшүктү талап калат. Бир картинаны жасап чыгыш үчүн автор кеминде үч-төрт ай эмгектенет.

Сүрөтчү алган картинанын эскизин сызып, андан кийин аны пластилинден жасап чыгып, кийин гана териге түшүрүлөт.

Шерали Сооронбаев негизинен Манас эпосунун эпизоддорун сүрөткө түшүрөт. Айрым картиналарынын узундузу үч метрге чейин жетет. Анын эмгектери Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын жана Тажикстандын президенттерине белекке берилген. Анын бир картинасынын баасы бир жары миң долларга чейин бааланат.

Картиналардан сырткары Шералы Сооронбаев териден камчы, кичинекей бут кийим жана башка түрдүү сувенирлерди жасайт.

Бул Бактыгүл. Ал чоподон идиштерди жасап, түрдүү картиналарды жаратат. Чоподон жасалган буюмдар, картиналар атайын меште бышырылат.

Айтор сүрөтчүлөр шаарчасынын жана Сүрөтчүлөр фондунун короосу келген ар бири киши кайдыгер калтырбайт.