Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Шектүүлөрдү кармоо учуру.

Ысык-Көл облусунда жеке ишкерлерден акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү, Бостери айылынын үч тургуну кармалды. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр баңгизатын мыйзамсыз сактап жүрүшкөнү да аныкталды.

Бул фактыны Ысык-Көл облустук милициясы Жазык кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен каттады.

11-июлда шектүүлөрдүн экөө “Инфинити” автоунаасы менен бара жатканда, Бостери айылынын көчөлөрүнүн биринде милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Алардын машинесинен 16-калибрдеги колго жасалган кесилген ок атуучу курал табылганы кабарланды.

Маалыматта кармалгандардын жанынан кара куурайдын жытына окшош 12 грамм зат алынганы да айтылат. (BTo)

Дагы караңыз

Кытай чек арадан автоунааларды өткөрүү боюнча Кыргызстанга талап койдуНурипа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешке баш катчы болдуЖАМК: Чыңгыз Жумагулов абактан чыктыПартиялар кайра шайлоого 44 миллион сом сарптадыШайлоо: Бишкекте алты, Токмокто беш, Ошто төрт партия алдыдаӨлкөнүн төрт шаарында эмдөө пункттары күнү-түнү иштейтМасадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болду