Коронавируска чалдыккандардын саны Түштүк Кореяда өсүп жатат. 10-июлда баш калаа Сеул жана анын жака белинде миңден ашуун адамдан коронавирус чыккан. Мындан улам бийлик карантин чараларын күчөттү. 12-июлдан тартып, кечки саат алтыдан баштап үчтөн көп адам чогулууга болбойт. Түнкү клубдар, чиркөөлөр жабылып, карылар үйүнө, ооруканаларга жакындарын көрүп барууга тыюу салынат.
Ал эми Американын калк жыш жайгашкан Нью-Йорк жана Флорида штаттарында коронавируска чалдыккандардын саны мурдагы жумага салыштырмалуу өсүп жатат. Нью-Йоркто 42%, ал Флоридада 30%га жогорулаган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, буга жугуштуу деп саналган "дельта" штаммы себеп болууда.
Нью-Йорктун 20 миллион калкынын 55% толук эмделген. Ал эми Флорида жашаган 11 миллион адамдын 58% вакцинанын эки же бир дозасын алышкан.
Дагы караңыз
Молдовада кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жататКыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет Прокуратура: "Унаа" ишканасында коррупциялык иштер аныкталды