Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого саат 10:00гө карата добуш бергендер тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, добуш бергендер 35 506 адамды түздү же шайлоочулардын жалпы санынын 5,75%. Бишкекте 17 569 (4,12%), Ошто 14 868 (9,74%), Токмокто 3 069 (8,06%) шайлоочу добуш берди.
БШК кабарлагандай, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилген. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.
11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.
Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (BTo)
Дагы караңыз
Прокуратура: "Унаа" ишканасында коррупциялык иштер аныкталдыТүркиялыктарга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча бир адам кармалды Сарыбашов: Шайлоодон кийин мэр болуп келүү ниетим бар Кыргызстанда ири үч шаарда кайра шайлоо өтүп жататCOVID-19: Дагы тогуз адам көз жумду, 1295 бейтап жаңы катталдыУКМК Кумтөр келишиминен чыгууну сунуштады"Жалпы иш": шайлоо өнөктүгүндө Ошто мыйзам көп бузулууда