Прокуратура: "Унаа" ишканасында коррупциялык иштер аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык прокуратурасы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери коррупциялык схема түзүп, чет өлкөдөн келген автоунааларды мыйзамсыз каттап жүрүшкөнүн аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында оң рулдуу автоунааларды каттоого тыюу салынганы менен "Унаа" ишканасынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери мыйзамды бузуп 16 автоунааны каттоого алышкан. Анын кесепетинен мамлекетке 14 миллион 340 миң 297 сом зыян келтирилген.

Бул факты Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, териштирилип жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Түркиялыктарга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча бир адам кармалды Ошто шайлоочу бюллетенди тытып салдыСарыбашов: Шайлоодон кийин мэр болуп келүү ниетим бар Кыргызстанда ири үч шаарда кайра шайлоо өтүп жататCOVID-19: Дагы тогуз адам көз жумду, 1295 бейтап жаңы катталдыУКМК Кумтөр келишиминен чыгууну сунуштадыЧек арада курман болгон аскер жерге берилди