COVID-19: Дагы тогуз адам көз жумду, 1295 бейтап жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 11-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан тогуз бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 2 102​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 295 адамдан аныкталды. Анын ичинен эң көп Бишкекте катталды – 761 киши. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 139 648 адамга жетти. Андан 118 008 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 636 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 204 бейтаптын абалы өтө оор, 1 322 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келишет.

Андан сырткары 11-июлга карата маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү өлкө боюнча 129 175 киши эмделди. Алардын 84 079у вакцинанын экинчи дозасын алышкан. Ал эми 24 сааттын ичинде 1 004 киши вакцинациядан өтсө, алардын 448и экинчи дозаны алган. (BTo)

Дагы караңыз

Ошто бүгүн миңден ашуун адам көчмө урна менен добуш берүүдөКыргызстанда ири үч шаарда кайра шайлоо өтүп жататУКМК Кумтөр келишиминен чыгууну сунуштады"Жалпы иш": шайлоо өнөктүгүндө Ошто мыйзам көп бузулууда Милиция: Түркиянын жарандары Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алганПрезидент Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого добуш берди