11-июлда Кыргызстанда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлагандай, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилди. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.
Үч шаардык кеңешке кайра шайлоого 32 саясий партия катышып жатат. Алар жалпысынан 2 204 талапкерди көрсөттү.
11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.
Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (BTo)
Дагы караңыз
Ош: милиция добуш сатып алууга шектүүнү кармаганын билдирди Шайлоо: үч шаарда көчмө урна менен добуш берүү аяктадыЖыланга операция жасаган Жаңылбүбү Чек арада курман болгон аскер жерге берилдиОшто бүгүн миңден ашуун адам көчмө урна менен добуш берүүдөУКМК Кумтөр келишиминен чыгууну сунуштады"Жалпы иш": шайлоо өнөктүгүндө Ошто мыйзам көп бузулууда