Милиция: Түркиянын жарандары Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган

Кыргызстандын эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 2016-жылы Түркиянын он жараны Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынып, аларга паспорттор мыйзамсыз берилгенин кабарлады.

Шаардык милиция 10-июлда тараткан маалыматка ылайык, 2016-жылы Фарид Ниязовдун жетекчилиги астында президентке караштуу Жарандык боюнча комиссия Түркиянын он жаранын жарандыкка кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарып, тиешелүү жарлыкка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы бул факты боюнча Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козгоп, териштирип жатат. Бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

9-июлда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилерин билдирген.

Паспорт текшерүү жараянына "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга байланыштуу окуя негиз болду. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстанда жер титирөөдөн беш киши каза болдуАдвокат: Инандыга жолугууга мүмкүнчүлүк боло элекТалибдер коңшу өлкөлөрдүн чек арасын бузбай турганын билдирдиОш: "Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилдиЧек ара чырында курман болгон аскердин жакындарына үй берилет Чек ара чырында курман болгон Хажиевдин сөөгү жерге берилдиCOVID-19: Дагы 10 адам көз жумду, 1295 бейтап жаңы катталды