Чукул билдирүү: 10-14-июль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 11-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот.
Дагы караңыз
Ош: "Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилдиЧек ара чырында курман болгон аскердин жакындарына үй берилет COVID-19: Дагы 10 адам көз жумду, 1295 бейтап жаңы катталдыҮч шаарда кайра шайлоо алдындагы жымжырттык күнү башталдыТашиевдин эскертүүсү, коомдун сыныКумтөр боюнча Акаев, Бакиев жана башкаларга айып тагылдыАдвокат: Орхан Инанды менен жолуга албай жатам