Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо алдындагы жымжырттык күнү 10-июлда эртең менен саат 8:00дө башталды.
Бул убакыттан тарта талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш. “Жымжырттык күнүндө” эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактар кала берет. Аларды алып салуу жөнүндө талап жок.
11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.
Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (BTo)
Дагы караңыз
Тажикстан аскердин сөөгүн Кыргызстанга өткөрүп бердиЧек арада курман болгон аскер жерге берилдиPussy Riot тобунун мүчөсү Анна Кузьминых кармалдыТашиевдин эскертүүсү, коомдун сыныМосква талибдер үчүн жооп бердиАдвокат: Орхан Инанды менен жолуга албай жатам