Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгууда жүрүп токмок жеген баланын окуясын көзөмөлгө алып, тыкыр териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуянын жагдайларын териштирип, зомбулукка жол берген тийиштүү органдарга укуктук баа берүү дагы тапшырылды. Министрлер кабинети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Билим берүү министрлиги толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө милдеттүү экенин белгилейт.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, тогуз жаштагы бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда сабалган. Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.
Буга чейин Kaktus.media Ысык-Көл облусундагы дзюдо секциясынын машыгуусуна барган бала сабалганын жазган. (TSh)
Дагы караңыз
Министрлик: Кыргызстанда дельта штаммы катталган эмесДепутат Никитенко Ташиевдин билдирүүсүн сындадыШайназаров: добуш сатып алууга лидери аралашса партия шайлоодон четтетилетАким: кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланып жатат