Ош: добуш сатып алууга шек саналган дагы бир адам кармалды

Ошто 11-июлда кайра шайлоо өтөт.

Ош шаардык милициясы добуш сатып алууга аракет кылган деген шек менен дагы бир жаран кармалганын билдирди. Шаардык ички иштер башкармалыгы ал шайлоого катышып жаткан талапкердин тууганы болорун, добуш берүүчүлөргө 1,5 миң сомдон таратып жүргөнүн маалымдады.

Ошто буга чейин эки талапкер добуш сатып алууга аракет кылган деген шек менен камалган. Алардын сырткары дагы үч жаран ушундай эле айып менен кармалган.

Күч органдары кылмышка шектүүлөр кайсы партиянын талапкерлери, өкүлдөрү экенин азырынча тактай элек.

Ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам бузуу тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Дагы караңыз

СOVID-19: Индонезияда коронавирус жайылып жататШайлоого жакын кызыган "добуш соодасы"Министрлик: Кыргызстанда дельта штаммы катталган эмесБШК Кербен шаардык кеңешин таратуу тууралуу президентке кайрылдыДепутат Никитенко Ташиевдин билдирүүсүн сындады