Ташкентте Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн мамилеси талкууланат

Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев. Ташкент. 2017-жыл.

Ташкентте "Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" деп аталган эл аралык жыйын өтөт.

Расмий Ташкенттин маалыматына караганда, 15-16-июлда өтө турган жыйын президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулууда. Негизги максаты — Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тарыхый достук байланыштарды, ишенимдүү жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө.

Иш-чарага Өзбекстан менен Ооганстандын президенттери, Пакистандын премьер-министри, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, жогорку кызматтагы өкүлдөрү катышат. Эл аралык жана аймактык, дүйнөлүк каржы уюмдарынын, изилдөөчү жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү келери күтүлүүдө.

Алар аймактык байланыштарды өнүктүрүүнүн алкагында соода-экономикалык, транспорт-байланыш жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Дагы караңыз

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвага келди Чек арада курман болгон аскер жерге берилдиЫмыркайдын өлүмү, дарыгерлердин тиреши Инандынын адвокаты Башкы прокуратурага кайрылдыТажикстан ЖККУдан жардам сурадыЖеңил атлет Нурсултан Кеңешбеков Олимп оюндарына баратЛавров Ооганстан маселесинде Дүйшөмбүгө жардам берилерин айттыТашиев: Ворух анклавына кеткен жолду Кыргызстан курат