Беларус бийлиги 8-июлда "Наша Нiва" аттуу көз карандысыз гезиттин сайтына бөгөт коюп, басылманын кеңселерин жана анын айрым журналисттеринин үйлөрүн тинтүүгө алды. Полиция гезиттин башкы редактору Егор Мартиновичти жана редакторлордун бири Андрей Скуркону суракка алып кеткени кабарланууда.
Андан мурдараак Беларустун Маалымат министрлиги басылманын сайтына бөгөт коюлганын жарыялаган. Түшкө жуук жүргүзүлгөн рейдден кийин полиция гезиттин кеңсесиндеги бир топ документтерди алып кеткени белгилүү болду.
Тергөө комитетинин Минск шаары боюнча өкүлчүлүгү гезиттин журналисттери былтыркы нааразылык акцияларына байланыштуу суракка алынып жатканын ырастады.
Беларус бийлиги былтыр август айында өткөн талаштуу президенттик шайлоодон бери оппозициячыл активисттерди жана эркин журналисттерди камакка алып келет. Буга чейин Беларуста Tut.by сыяктуу көз карандысыз маалымат каражаттарынын сайттарына да чектөө киргизилген.
Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко шайлоону жеңгенин жарыялаганы менен мындай жыйынтыкты Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы тааныган эмес.
Дагы караңыз
Кыргыз тарап чек арадагы атышуу тууралуу маалымат берди Алимбаев: Чек арадагы атышууда көз жумгандар тууралуу маалымат такталуудаТашиев: Кумтөр боюнча бардык келишимдер жокко чыгарылышы керекМамкатчы Нурсултан Назарбаевдин айткандарына жооп берди