Жеңил атлет Нурсултан Кеңешбеков Олимп оюндарына барат

Нурсултан Кеңешбеков.

Жеңил атлет Нурсултан Кеңешбеков Токиодо өтө турган XXXII жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Ал эл аралык мелдештерге катышып, топтогон упайлардын жыйынтыгында мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, спортчу 5000 метр аралыкта бактысын сынайт.

Нурсултан Кеңешбеков июнь айынын башында Түркияда өткөн эл аралык мелдеште жеңишке жеткен.

Ушуну менен Токиодогу жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган кыргызстандык спортчулардын саны 18ге жетти. Эл аралык мелдешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова жана Денис Петрашов барат.

XXXII Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтөт. Ага 200гө жакын улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү катышары күтүлүүдө.(ECh)

Дагы караңыз

Көлдүн кулпунайы Орусияга сатылуудаЫмыркайдын өлүмү, дарыгерлердин тиреши Чек арада курман болгон аскер жерге берилдиЛавров Ооганстан маселесинде Дүйшөмбүгө жардам берилерин айттыКыргыз тарап чек арадагы атышуу тууралуу маалымат берди УКМК Акаевге, Бакиевге, Атамбаевге кылмыш ишин козгодуТашиев: Ворух анклавына кеткен жолду Кыргызстан курат