Баткен: селден улам Газ менен Согментте өзгөчө кырдаал жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Нөшөрлөгөн жаандан улам Баткен районундагы Газ жана Согмент айылдарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ондогон үйдүн короосун суу каптаганын, көпүрөлөр бузулуп, жаан айрым жолдорду, эгин талааларын жууп кеткенин, кум-шагылга толуп калганын кабарлады.

Газ айылында 50дөй үйдө кооптуу абал жаралып, алты тамдын ээсинен кооптуу жерге убактылуу көчүп кетүү сунушу берилди.

Райондун акиминин буйругу менен Газ менен Согментке өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Учурда селдин кесепетин жоюу иштери уланып жатат жана чыгымдын көлөмү тактала элек.