Орхан Инандынын уурдалышына жол бергендердин жоопкерчилиги каралат

Орхан Инандыны табууну талап кылган акция. Июнь, 2021-жыл. Бишкек шаары.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын угуп, “Инандынын жоголушу тууралуу 17-июндагы токтомдун аткарылышы жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды.

Ал долбоордо Орхан Инандынын башка өлкөгө тымызын алынып кетишин алдын албаган күч кызматтарынын тийиштүү жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо жана Инандыны өлкөгө кайтаруу боюнча чаралар жазылган.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Садыр Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. (TSh)

Дагы караңыз

Аба ырайы: күн 41 градуска чейин ысыйтИИМ башчысы: Түркия элчилигин өзүм карап чыккам (видео)Төрага: Инандынын окуясына укуктук баа берилиши керекБилим берүү министрлиги: "Сапат" өзгөрүүсүз иштей берет "Анадолу": Инандыга террордук уюмду негиздеген деген айып коюлду